Ыссык-Көл облусунда камсыздандыруу маселеси каралды

2021-жылдын 17-июлунда Ыссык-Көл облусунда, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловдун жана Министирлер Кабинетинин Ыссык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоевтин катышуусунда кеңейтилген жыйын болуп өттү, жыйында биринчи маселе болуп Камсыздандыруу маселеси каралып, Төрага жалпыле Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кеңири маалымат берип, өзгөчө турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу маселесине токтолуп өттү, себеби Мамлекетибиз тоолу аймак болгондуктан, коопту жерде жайгашкан айылдардагы жарандарыбыздын турак жайлары ар-кандай жаратылыш кырсыктарынан жабыркап калуу тобокелчилиги бар экенин эске салып, баардык облустук жана райондук жетекчилерден «турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу» мыйзамынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурууларына чакырып өттү.

Чогулуштун жыйынтыгы менен Министирлер кабинетинин өкүлү баардык облустук жана райондук денгээлдеги жетекчилерге турак жайларды камсыздандыруу маселесин күчөтүү боюнча протоколдук тапшырма берди.

 Белгилей кетүүчү жагдай, турак жайды камсыздандыруу төлөмү айыл жергесинде бир жылга – 600 сомду түзөт, камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилиги – 500 миң сомго чейин. Шаар жергесинде – 1200 сом, камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилиги – 1 млн сомго чейин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *