Нарын районунда турак жайларды камсыздандыруу иши күчөтүлөт

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы Мадимаров Нуридин менен жолугуу учурунда билдирди. Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүүдө, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы Мадамиров Нуридин эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *