Нарын облусунун Жумгал районунда турак жайларды камсыздандыруу ишин күчөтүү мерчемделүүдө.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Нарын облусунун Жумгал  райондук мамлекеттик администрация башчысы Залкарбек Бозбалаев менен жолугуу учурунда билдирди. Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында  эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүүдө, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи. Өз кезегинде  Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы Залкарбек Бозбалаев эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *