Ат-Башы районунун Акими менен камсыздандыруу иши талкууланды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы  Эмилбек Абдыкадыров менен жолугуп, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу учурдун талабы экенин айтып, жаратылыш кырсыктары байма-бай катталып атканын эске салды жана ошол себептен жарандарыбызга кам көрүү максатында эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди. Өз кезегинде Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы Эмилбек Абдыкадыров эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *