Нарын облусунда миңдеген турак жайларды камсыздандыруу иши мерчемделүүдө.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен жолугуу учурунда билдирди. Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүүдө, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин жана камсыздандырууну күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *