Нарын облусунда миңдеген турак жайларды камсыздандыруу иши мерчемделүүдө.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен жолугуу учурунда билдирди. Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүүдө, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин жана камсыздандырууну күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мамлекеттик камсыздандыруу иштери кызуу жүрүүдө.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Замирбек Сыдыков менен жолугушууда билдирди. Төрага Мырзабек Жыпаркуловдун өз сөзүндө бүгүнкү күндө уюмдун кызматкерлери өлкө боюнча элди кыдырып тынымсыз түшүндүрүү, камсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатканындыгын айтты жана Аксы районунда аткарылган жана аткаруугадагы иштерге токтолуп өттү. Өз кезегинде аким Замирбек Сыдыков камсыздандыруу мезгилдин талабы экенин айтып, табигый кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилген бул жардам маанилүү экендигине токтолду. Ошондой эле жергиликтүү акимчилик ар убак камсыздандыруу иштерине байланыштуу колдоолорун көрсөтүп тураарын кошумчалады.

Торага Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими менен жумуш устундо жолугушту.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров менен жолугушту. Торага оз кезегинде Мамлекетибиз тоолу олко болгондуктан жаратылыш кырсыктары байма бай катталып турарын эске салып, турак жайларды орттон жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу бугунку кундун талабы экенин айттып, дегеле камсыздандыруу маданиятын элге жеткизуудо республикалык денгеелде иш чаралар башталганын кошумчалады. Өз кезегинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров эл арасында биргеликте камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык куч-аракеттер жумшаларын кошумчалады