Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда турак жайларды камсыздандыруу ишин күчөтүү мерчемделүүдө.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  райондук мамлекеттик администрация башчысы Джанысак Сатыбалдиев менен жолугуу учурунда билдирди. Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында  эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу иштери кызуу жүрүүдө, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи. Өз кезегинде  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы Джанысак Сатыбалдиев эл арасында биргеликте  түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө бардык аракеттер жумшаларын кошумчалады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда турак жайларды камсыздандыруу ишин күчөтүү мерчемделүүдө.

2021-жылдын 5-июлунда Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Баратбек Сыдыкназаров менен жолугуп, эл арасында камсыздандыруу маданиятын жайылтуу боюнча пикир алышты, ошону менен бирге өзгөчө жарандарыбыздын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардын милдеттүү камсыздандыруу бүгүнкү күндүн талабы экени айтылып, Аким Сузак району боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө баардык аракеттер жумшаларын кошумчалады.