Координациялык кеңешме!

2021-жылдын 2-июлунда Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу окүлчүлүгүндө «Коопсуздук жана укуктук тартипти камсыз кылуу» маселелери боюнча Координациялык кеңешме болуп өттү, кеңештин жүрүшүндө «турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу» мыйзамынын Ош жергесинде аткарылышы боюнча маселе дагы каралды.
Координациялык кеңешменин жүрүшүндө, Төрага камсыздандыруу боюнча кеңири маалымат берип өтүп, бардыгыбыз бир женден кол бир жакадан баш чыгарып, жергиликтуу тургундардын турак жайларын камсыздандыруунун устунөн иштеп, мыйзамды дыкат аткарышыбыз керек деп белгиледи!
Кеңешменин жыйынтыгы менен өлкөдө байма бай болуп жаткан ар-кандай кырсыктардын алдын алуу максатында Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Ош областык филиалынын кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук менен биргеликте эл арасында турак жайларын милдеттүү касыздандыруу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы коюлду.