Баткен областынын чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иш сапары

Бүгүн, 30.06.2021-жылы Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен областынын чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен онлайн форматта жыйын өткөрдү, жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов өз сөзүндө «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу» мыйзамынын Баткен аймагында ишке ашырылышы жана мыйзамга өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча кандай иш чаралар жүрүп жатканы боюнча кеңири маалымат берип өттү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-июнунан 1-июлга чейинки күндөр аралыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов баштаган Баткен областынын чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Мырзабек Жыпаркулов Лейлек районунун бир катар айылдарына, анын катарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган Интернационал, Максат жана Борбордук айылдарына барышты.

Төрага жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр кирип калса, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүдө Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму тарабынан колунда камсыздандыруу полиси бар жарандарыбызга көмөк көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

    Андан сырткары Уюм өз ишин баштагандан бери беш жыл аралыгында Баткен областы боюнча ар-кандай табигый жана өрт кырсыктарынан турак жайлары жабыр тарткан 60 жараныбызга 3 млн.сомдон ашык акча каражаты берилгенин билдирди.