2021-жылдын 11-июнунда Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Башкармалыгынын төрагасы Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович Кыргыз улуттук агрардык университетине барды.

                Аталган окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы менен болгон жыйында, төрага Кыргыз мамлекетинде камсыздандыруу маданиятын жайылтуудагы көйгөйлөр жана ийгилектери тууралуу айтып, өзгөчө турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча кеңири маалымат берди, өз сөзундө Мамлекетибиз тоолу өрөөн болгондуктан жарандарыбыздын турак жайлары, имараттары ар кандай кырсыктардан көп жабыркай турганын айтып, Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму өз ишин баштагандан бери 451 жараныбызга 44 млн сомго жакын кенемте төлөп бергенин баса белгиледи, жыйында отургандардын баардыгын бир жылга айыл жергесинде 600 сом, ал эми шаар жергесинде 1200 сом төлөп турак жайларын камсыздандырып коюга чакырып өттү.