Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму кезектеги кардарына 397 миң сом каражат төлөп берди.

Бүгүн 2021-жылдын 4 – майында Ош шаардык мэриясынын имаратында жакшы саамалык болуп өтүп, ага Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгынын төрагасы Жыпаркулов Мырзабек жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев катышышты, иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы Жапалак айылынын тургуну Бусайра Абытовага 397 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Тактап айтсам, Бусайра Абытованын жашаган турак үйүн тилсиз жоо каптап, жашаган үйү толугу менен күйүп кеткен, бактыга жараша өз учурунда бир жылга 1200 сом төлөп Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунан турак жайын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандырып койгондугуна байланыштуу, Уюм өз кезегинде келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берди.
Уюмдун Төрагасы М.Жыпаркулов Ош шаарынын Мэри Т.Сарыбашев менен “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу” мыйзамынын аткарылышы боюнча иштин жүрүшүн талкуулашты.
Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму ар дайым өз кардарларына кам көрөт. Биз менен ишенимдүү келечек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *