Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму кезектеги кардарларына 237 миң сомдон ашык каражат төлөп берди.

2020-жылдын 21 -январында Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун башкармалыгы, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча келип түшкөн материалдарды карап, турак жайлары өрттөн жабыр тарткан Талас жана Жалал-Абад областарынын туругундары А.Ж.Ага жана М.А.Эге жалпы суммасы 237 224, 8 сом өлчөмүндө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүү боюнча чечим чыгып, акча каражаттары которулуп берилди.

Эскерте кетсем, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ишмердүүлүгүн баштагандан бери 349 жараныбызга жалпы суммасы 30 млн сомго жакын төлөмдөрдү жүргүзгөн, башкача айтканда өрттөн жана табигый кырсыктардын кесепетинен келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруп берген.

Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму ар дайым өз кардарларына кам көрөт. Биз менен ишенимдүү келечек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *