Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кардарына 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

2019 -жылдын 30 -октябрь күнү Жалал-Абад областында 9 айдын жыйынтыгы менен коллегия болуп отуп,  коллегиянын жүрүшүндө  Аксы районунун Сай-Булун айылынын тургуну  Ч. Ж.Бга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 500 миң сом өлчөмүндө сертификат тапшырылды. Эскерте кесем, бул жараныбыздын турак жайы жер көчкүдөн жабыр тартып, жашоого жараксыз абалда калган.

500 миң сом өлчөмүндөгү сертификатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович тапшырып, жараныбызга ийгиликтерди каалады.

         Белгилей кетүүчү жагдай, турак жайды камсыздандыруу төлөмү айыл жергесинде бир жылга — 600 сомду түзөт, камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилиги – 500 миң сомго чейин. Шаар жергесинде – 1200 сом, камсыздандыруу уюмунун жоопкерчилиги – 1 млн сомго чейин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *