Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму — 67 миң сом өлчөмүндө сертификаттарды тапшырды.

Ыссык-Көл областынын Каракол шаарынын тургундары Кулбараков Болотбек жана Кочоков Сапарбектин жашаган турак жайлары катуу шамаалдын кесепетинен чатырлары жабыр тарткан, буга байланыштуу Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ыкчам аракеттерди көрүп, келтирилген чыгымдарын аныктап, 31 миң жана 36 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды.
Эскерте кетсем, Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму ишин баштаган 2016 — жылдан бери ар кандай табигый жана өрт кырсыктарынан турак жайлары жабыр тарткан 303 жараныбызга жалпы суммасы 26 млн сомго жакын каражатты төлөп берди.
Биз менен келечек ишенимдүү!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *