Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму — 67 миң сом өлчөмүндө сертификаттарды тапшырды.

Ыссык-Көл областынын Каракол шаарынын тургундары Кулбараков Болотбек жана Кочоков Сапарбектин жашаган турак жайлары катуу шамаалдын кесепетинен чатырлары жабыр тарткан, буга байланыштуу Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ыкчам аракеттерди көрүп, келтирилген чыгымдарын аныктап, 31 миң жана 36 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды.
Эскерте кетсем, Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму ишин баштаган 2016 — жылдан бери ар кандай табигый жана өрт кырсыктарынан турак жайлары жабыр тарткан 303 жараныбызга жалпы суммасы 26 млн сомго жакын каражатты төлөп берди.
Биз менен келечек ишенимдүү!!!

Камсыздандыруу кундун талабы!!!

Ош областынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун эки жараныбыздын турак жайлары өрттөн жабыр таркандыгына байланыштуу, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму 400 000 жана 300 000 сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды, башкача айтканда өрттүн кесепетинен келип чыккан чыгымдарын толугу менен ордун толтуруп берди.
Эскерте кетсек, үстүдөгү эки жараныбыз өз убагында турак жайларын 600 сом төлөп милдетүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүшкөн.