Ош эли менен жолугушуу

Кыргызстандыктардын камсыздандыруу маданиятын көтөрүү жана түшүндүрүү максатында, бүгүн 29.11.2018-жылы «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун» төрайымы Эгамбердиева Дж, Ош облусуна иш сапары менен барып, облустун жетекчиси Жылкыбаев У.К. жана Ош шаарынын мэри Сарыбашев Т.Н. менен жолугушууларды өткөрүп, Ош жергесинде «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу» мыйзамынын аткарылышын талкуулашты.

Ушул эле күнү Уюмдун төрайымы Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан жана Кашкар-Кыштак айылдарынын эли менен жолугушууларды өткөрүп, анын алкагында турак жайы өрттөн жабыркаган эки жараныбызга жалпы суммасы 173 588 сом өлчөмүндөгү компесациянын сертификатын тапшырды.

Эсертип кетүүчү жагдай «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» уюштурулгандан тарта, турак жайлары өрттөн жана табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандарыбызга 20 млн сомдон ашык компенсация төлөнүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *